"Коопсуз шаар" долбоору боюнча жарыяланган тендер 29-ноябрда аяктайт

© Sputnik / Алексей Панов / Медиабанкка өтүүАрхив: камера
Архив: камера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөй турган "Коопсуз шаар" долбоорунун тендерине катышууну каалаган компаниялар 1-декабрга чейин жетишип калуусу керек.

БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. Бишкекте жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөй турган "Коопсуз шаар" долбоору боюнча жарыяланган тендер 29-ноябрда аяктап, андан соң катышкан компаниялардын аттары КТРКда түз эфирде жарыяланат. Бул туурасында ИИМдин маалымат борборунун жетекчиси Алмаз Бообеков Sputnikтин кабарчысына билдирди. 

Аталган долбоордун тендеринин экинчи туруна катышууну каалагандардын арыздары кабыл алына баштады. Азырынча төрт чет өлкөлүк жана бир жергиликтүү компания катышууга каалоосун билдирди. 

"Компаниялар эртеңкиге чейин арызын берип бүтүшү керек. Катышуучуларды комиссия 1-декабрда КТРКда түз эфирде айтат да, 60 күндөн кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат",— деди Бообеков. 

Бообеков сунуш кылынган жабдуулардын баасы менен сапатын тендердик комиссия тыкыр карап жаткандыгын кошумчалады. Учурда Бишкек жана Ош шаарларында байкоо жүргүзүп, видео, фотого тартып жана тааный турган камералар орнотулуп, сынамык режим менен иштеп жатат.

"Коопсуздук шаар" долбоору Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп келгенде башталган. Бабанов кызматтан кеткенден соң долбоор токтоп, 2014-жылдан тарта кайрадан өкмөт бул темага кайрыла баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0