"Тазалык": жолдорду тазалоо кечээ кечинде эле башталган

© Фото / Sputnik / Ажар МэлсоваАрхив: "Тазалык" ишканасынын атайын техникалары Бишкектин жолдорун кардан тазалап чыгышты
Архив: Тазалык ишканасынын атайын техникалары Бишкектин жолдорун кардан тазалап чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын жолдорун кардан тазалоо үчүн "Тазалык" ишканасы түнү менен иштеген.

Архив: Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу чоң
БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы түнү менен шаардын жолдорун тазалады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын маалыматына ылайык, муниципалдык кызмат кечээ, кечки саат 16-00дө тазалоо иштерин баштап, ал таңкы саат 7.30га чейин улантылган.

Шаардык кызматтын мобилдүү тобу 552 тонна кум, 42 тонна тузду жолдорго сепкен. Кум чачуучу 18 даана техника, 4 жүктөгүч, тротуарларды тазалаган 5 трактор жана "Тазалык" ишканасынын 32 кызматкери тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0