Кулматов:биз велосүйүүчүлөр менен кызматташууга кызыкдарбыз

© Фото / пресс-служба мэрии г. Бишкека / Улукбек ШамбетовЖаңы салынган жолду велосипедчен бала "текшерип жатат"
Жаңы салынган жолду велосипедчен бала текшерип жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Велосүйүүчүлөрдүн өкүлдөрү борбор калаанын мэри менен биргеликте Бишкек шаарында велосипед жолунун долбоорун талкуулашты.

БИШКЕК, 25-ноя — Sputnik. Бишкекте велотрассасынын долбоордук чиймеси талкууланды деп маалымдашты мэриянын басма сөз кызматынан. Бейшемби күнү, 20-ноябрда өткөн борбор калаанын Велокоомчулуктарынын ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушууда мэр Кубанычбек Кулматов шаар бийлиги велосүйүүчүлөрү менен кызматташууга кызыккандыгын билдирди.

"Узундугу 10 чакырымга жакын велосипед жолунун долбоордук чиймесин даярдадык. Аны ишке ашырууга сиздер да катышып, өз сунуш-пикирлериңизди айтсаңыздар дейбиз. Азыр жумушчу долбоор түзүп, аны акырындап ишке ашырууну пландап жатабыз" — деди мэр.

Бишкектин велокоомчулуктарынын ассоциация башчысы Искендер Алиев аталган жолугушууну уюштургандыгы үчүн шаар бийлигине ыраазычылык билдирип, алардын уюмунун максат, пландары тууралуу айтып берди. Анын сөзүнө караганда, велокоомчулуктардын башкы максаты — шаардыктар арасында транспорттун бул түрүн кеңири жайылтып, аны өнүктүрүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0