Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга иш табуу боюнча долбоор башталат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМүмкүнчүлүгү чектелген адамдар
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жарандарды ишке орноштурууну жакшыртуу боюнча долбоорду Эл аралык Эмгек уюму менен Экономика министрлиги биргелешип алып барууда.

Бишкек, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштуруу боюнча атайын долбоор ишке ашырыла баштайт. Бул туурасында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Экинчи фазасы башталган долбоор жарандарды, анын ичинен өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштуруу ишин жакшыртууга багытталган. 

Учурда өлкөдө жумушсуздук боюнча расмий каттоодон өтпөгөн жарандар арбын. Акыркы маалыматтарга таянсак, алардын саны 1,6 миллион адамга чукулдап барат. Айтылып жаткан долбоор ушул маселени нукка салып, жумушсуздарды расмий каттоону көздөйт. Экономика министрлигинин маалыматында көмүскө экономика ички дүң продукциянын 40%ын түзөт. 

"Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын иш менен камсыз болуусун жакшыртып, татыктуу жумуш менен камсыздоо биздин министрликтин негизги стратегиялык максаттарынын бири",— деп жазылат аталган министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта. 

Бул долбоорду Эл аралык Эмгек уюму менен Экономика министрлик биргелешип алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0