КР прокуратура органы 90 жылдыгын белгилөөдө

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАрхив: А. Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында
Архив: А. Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент прокуратура органынын негизги милдети кылмыштуулукка каршы күрөшүү экенин өз куттуктоосунда белгилеп өттү.

БИШКЕК, 21-ноя — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын прокуратура кызматкерлерин 90 жылдык мааракеси менен бүгүн куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда прокуратура калыптануунун жана өнүгүүнүн татаал жолун басып өткөнүн, дайыма мамлекеттик органдардын системасында өзгөчө орунду ээлеп келгенин белгилейт.

"Милдеттери жана багыттары канчалык өзгөрбөсүн, ал өлкөбүздүн башкы көзөмөлдөө жана укук коргоо органы бойдон калууда. Мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга, мыйзамдуулукту бекемдөөгө, коомдун кызыкчылыктарын коргоого, укуктук жана демократиялуу мамлекетти калыптандырууга жана өнүктүрүүгө прокуратура бүгүн да олуттуу салым кошуп жатат", — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Президент ошондой эле кылмыштуулукка, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүү прокуратура органдарынын негизги милдеттеринин бири бойдон калганын баса белгилеген.

Архивдик маалыматтарга караганда, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун биринчи прокурору Михаил Безносиков болгон. Ал 1924-жылдын 29-декабрынан 1925-жылдын 15-апрелине чейин иштеген.

1925-жылдын 25-майында Кара-Кыргыз автономдуу облусу Кыргыз автономдуу облусу болуп өзгөртүлгөн. Ушундан кийин прокуратура Кыргыз автономдуу облусунун прокуратурасы деп аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0