Диний кызматкерлер аттестациядан өтүүдө

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТесме кармаган кол
Тесме кармаган кол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтият өзүнүн ишин реформалоо максатында дин тармагында иштеген бардык кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүдө.

БИШКЕК, 19-ноя — Sputnik. Атайын түзүлгөн комиссиялык топ Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) ишин реформалоо максатында КМДБнын түзүмүндө эмгектенген бардык диний кызматкерлерди аттестациядан өткөрүүдө. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы шейшембиде маалымдады.

Муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов атестациялоонун максаты калкка сапаттуу кызмат кылган адистерди тандап алуу экенин билдирет.

"Ар бир кызматкердин ишке шайкештүүлүгү, кесипкөйлүгү, диний билими жана жогорку светтик билими бар экендиги замандын талабы болууда. Ошондуктан биз ушундай жол менен реформаларды баштап жатабыз", — дейт ал.

Белгилей кетсек, ар бир кызматкер кесиптик билими, эмгек стажы, кесиптик билими боюнча аттестациядан өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0