Сегиз айда Кыргызстандын калкы 77 миң кишиге көбөйгөн

© Sputnik / Нургуль МаксутоваЭмчектеги ымыркай
Эмчектеги ымыркай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калктын демографиялык өсүү деңгээли Ош, Баткен облустары менен Бишкек шаарында эң жогору болгон.

БИШКЕК, 11-ноя — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын калкы 77 миң кишиге көбөйгөн. Башкача айтканда, калктын демографиялык өсүшү 1,3%ды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин январь-сентябрь айларына карата жарык көргөн Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы боюнча айлык чыгарылышында айтылат.

Маалыматка ылайык, калктын өсүү деңгээли Ысык-Көл менен Нарын облусунда эң аз. Ал эми Ош облусунда калктын өсүү темпи башкаларга салыштырмалуу эң жогору. Аталган облустагы калктын саны үстүбүздөгү жылдын январына алынган маалымат боюнча 1 миллион 199,9 миң киши болсо, 1-сентябрга карата калктын саны 1 миллион 218,5 миң кишини түзгөн. Башкача айтканда, Ош облусунун калкы 18,6 миң кишиге көбөйгөн. Экинчи орунда Баткен облусу менен Бишкек шаары турат. Борбор калаанын калкы 13,8 миң кишиге, Баткен облусунун калкы 7,2 миңге, Жалал-Абад облусунун калкы 15,2 миң кишиге көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0