Жаштар күнүнө карата Токмок шаарында жаштар борбору ачылат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүТокмок шаары
Токмок шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республиканын бардык аймактарында жаштардын 48 борбору жана 4 үйү ачылып, иштеп келет.

БИШКЕК, 6-ноя — Спутник Кыргызстан. 10-ноябрь — Жаштардын бүткүл дүйнөлүк Күнүнө жана Кыргызстандагы жаштар Күнүнө карата Токмок шаарында Чүй облусунун жаштарынын борбору ачылат. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жаштардын бул борбору аймактагы жаштарды Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө боюнча иш-чараларга тартуу жана алардын кызыкчылыктарын эске алуу менен түрдүү иш-чараларды уюштурууну көздөйт.

Белгилей кетсек, ушул убакка чейин республиканын бардык аймактарында жаштардын 48 борбору жана 4 үйү ачылган. Аталган борборлор мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүүчү негизги аянтчалардан.

Жаңылыктар түрмөгү
0