Турдакун Усубалиевге өмүр бою стипендия чегерилди

© Sputnik / Табылды КадырбековТурдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган көргөзмө
Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган көргөзмө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент кол койгон буйрукка ылайык, стипендия 2014-жылдын 1-ноябрынан баштап төлөнөт.

БИШКЕК, 4-ноя — Спутник Кыргызстан. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз эл Баатыры Турдакун Усубалиевге өмүр бою стипендия чегерүү жөнүндө буйрукка бүгүн, 4-ноябрда кол койду. Бул тууралуу КР президентинин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

Президент мындай жарлыкка көрүнүктүү ишмердин 95 жылдыгына карата кол койгон.

Буйрукка ылайык, Турдакун Усубалиевге 2014-жылдын 1-ноябрынан баштап президенттин фондунан ай сайын жыйырма миң сомдон стипендия өмүр бою төлөнөт.

Ай сайын берилчү бул каражат Турдакун Усубалиевдин негизги пенсиясына кошумча төлөм болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0