07:57 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Талас. Төө буурчакты жыйнап-чогултуу.

Таласта төө буурчактын бир килограммы 100 сомдон ашты

© Фото / Нургул Максутова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
41 0 0

Таласта өндүрүлгөн төө буурчактын баасы кайрадан жогорулап, 100 сомго чейин жетти.

БИШКЕК, 31-окт — Спутник Кыргызстан. Талас облусунда жыл санап төө буурчакты эгүү аянты да, даяр продукцияны сатып өткөрүү да жогорулоодо. 2010-жылы төө буурчакты килограммы 30-33 сомдон сатылса, 2012-жылдын декабрь айында 60 сомго чейин көтөрүлгөн.

"Ал эми 2013-жылдын күз айларында 100-115 сомго чейин өсүп, облустун дыйкандары арбын киреше алганга жетишкен эле. Ортодо баа кескин түшүп кеткен. Жакын арадан тарта кайра анын наркы жогорулап баштады", — деп билдирди аталган облустагы айыл чарба министринин агрардык секторунун башчысы Абай Шатманов. Бул туурасында "Кабар" маалымат агенттиги билдирди.

Быйыл рентабелдүүлүгү жогору болгон төө буурчактын дүң жыйымы 84 миң тоннадан ашты. Бүгүнкү күндө төө буурчакты даярдап, экспортко чыгаруу боюнча 51 фирма жана жеке ишкерлер, бизнесмендер иштеп келишүүдө.

Мындан эки жума мурда Жогорку Кеңеште Таласта эгилген төө буурчактын баасы жасалма түрдө арзандап жаткандыгы боюнча маселе айтылып, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн эле.

Белгилер:
Талас, Абай Шатманов, Төө буурчак, экономика

ЭҢ МААНИЛҮҮ