Турганбаев: Оштогу кылмыштуулукка каршы күрөшкө өзгөчө көңүл бурулат

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: Ош шаарындагы чыга беришиндеги блокпост
Архив: Ош шаарындагы чыга беришиндеги блокпост - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ Оштогу кылмыштуулук менен күрөшкө өзгөчө көңүл буруп баштайт. Бул тууралуу Ички иштер министри Мелис Турганбаев журналисттерге билдирди.

БИШКЕК, 29-окт — Спутник Кыргызстан. Турганбаевдин айтымында, министрликте Оштогу кылмыштуу топтор боюнча бир топ маалыматтар бар. Учурда ал маалыматтар иликтенип жатат. Бул иш бүткөн соң конкреттүү чаралар көрүлөрүн убада кылды.

"Ош тууралуу маалымат көп. Мен деле угуп коюп тынч отурган жокмун. Азыр баарын анализдеп тактап жатабыз. "Жети өлчөп, бир кесишибиз" керек. Президент менен жолукканда деле "Ош жакты карап койсоңуз, маалымат каражаттарда бир топ нерселер айтылып жатат" деп айтты. Баарын талдап, иликтеп туруп чара көрөбүз", — деди Турганбаев.

Буга чейин Оштун тургундары аймакта уюшкан кылмыштуулуктун күчөп жатканын айтып, өлкө жетекчилерин тиешелүү чара көрүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0