Нурбек Элебаев: Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 10%га өсүүдө

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүКыргызстанда электр энергиясы
Кыргызстанда электр энергиясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар жылы Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 10%га өсүүдө. Бул туурасында отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору Н.Элебаев билдирди.

БИШКЕК, 27-окт — Спутник Кыргызстан. Элебаев энергетика тутумундагы электр энергиясынын жетишсиздиги жана суунун аздыгы сыяктуу объективдүү шарттарга байланыштуу жаңы тариф саясаты кабыл алынды деп белгиледи. “Башкача айтканда, ушундай жол менен жаңы тариф саясаты киргизилген мөөнөттө электр энергиясын керектөө 40-50%га өсөт. Ар жылы керектөөлөр 9,8 млрд. кВт/саат, иштеп чыгуу 7,4 млрд. кВт/саат, ал эми жетишсиздик 2,4 млрд. кВт/саат түзөт”, — деди ал.

Ошондой эле, ал жаңы тариф саясатын кабыл алуу 14-октябрда башталып, өкмөт мүчөлөрү аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө деп кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0