Райкан Шүкүрбеков — өмүр баяны

© Sputnik / Михаил Маркив / Медиабанкка өтүүЖазуучу. Архив
Жазуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таланттуу сатирик, акын, драматург жана чебер котормочу Райкан Шүкүрбеков 1913-жылы Талас өрөөнүндөгү Ак-Чий деген жерде туулган.

Октябрь революциясы, Совет бийлиги окууга, жашоого кеңири шарт түзгөн мезгилде өспүрүм курагына келип калган Райкан ошол кездеги башка кыргыз жаштары сыяктуу эле окууга, билим алууга умтулган. 

Бирок ага атак-даңк оңой-олтоң эле келе койгон жок. Райкан ата-энесине көрүнбөй качып чыгып, Олуя-Атага чейин жөө келип интернатка кирип, 1929-жылы Фрунзедеги педтехникумга өтөт. Ошол жылдары бул жерде кыргыздын шыктуу жаштары окушчу. Мына ушул педтехникумда ал башка бир катар кыргыз жазуучулары сыяктуу эле өзүнүн алгачкы калемин шилтеген. 

Райкан Шүкүрбековдун биринчи "Күрөш" деген үч көшөгөлүү пьесасы 1935-жылы кыргыз театр студиясында артист болуп жүргөндө жазылып, сахнага чыгарылган. Анда жаш драматург басмачылар менен болгон күрөштү көрсөткөн. 1935-1936-жылдары Райкан "Бейит арасында", "Жапалак Жатпасов" деген пьесаларды жазып драматург катары тааныла баштаган. 

1936-жылы Райкандын 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө жазган "Тоо элинин баатыры" деген повести Самарканд шаарында басылып чыккан. Мына ушундан баштап 1944-жылга чейин анын чыгармачылыгында орчундуу жаңылыктар болгон эмес. Бири-серин ырлар, макалалар жазган менен, көзгө урунган чыгарма бере алган эмес. Бирок ал жылдары артист катары Гоголдун "Текшерүүчү", Фурмановдун "Козголоң", Киршондун "Нан", Жусуп Турусбековдун "Ажал ордуна", Жоомарт Бөкөнбаевдин "Алтын кыз" аттуу пьесаларында белгилүү ролдорду аткарып жүргөн. 

1944-жылы "Кек" деген пьеса жазып, бир жылдан кийин Грибоедовдун атактуу "Акылдын азабын" которуп, кыргыз окуучуларына тартуу кылган. Бул котормо Райкандын чыгармачылыгындагы сатиралык жанрдын өнүгүшүнө чоң таасир эткен. 

1948-жылы "Менин айылым", "Жашыл токой" деген пьесаларын жазган.

Райкан Шүкүрбеков 1958-жылы Москвада болуп өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасына куйкум сөздүү сатирик акын жана такшалган драматург катары катышты. Бул учурда анын "Тянь-Шань жаңырыгы" аттуу ырлар жыйнагы Москвадагы "Молодая гвардия" басмасынан орус тилинде басылып чыкты. 

Райкан жалаң гана юморист эмес, философиялык ырлардын да, жүрөктү толкуткан назик лирикалардын да автору. Акын көпчүлүк ырларында жаңы оригиналдуу ой айтып, лирикалык каармандын ички сезимин ача билет…

Туткасын кара жердин колуна алган,
Тээтиги ай караган кайсы балбан?
Күнү-түнү кирпик какпай аалам кесип,
Бийиктен бүткүл элге көзүн салган.

Биринен бири сулуу тиги кимдер?
Агасынан иниси артылган эр.
Тарыхтын дөңгөлөгүн ылдамдатып,
Дүңкүлдөп өтүп жаткан биздин күндөр.

Ушул "Биздин күндөр" аттуу эки сабак ырга канчалык залкар ойлор батырылган! 

Райкан Шүкүрбеков кыргыз балдар адабиятын өнүктүрүүдө да жигердүү эмгектенген. Анын "Эки бөжөк", "Карга", "Иттин жомогу", "Кыргыз тоосунда", "Түлкү менен теке" сыяктуу чыгармаларын балдар сүйүп окуйт. 

Ошондой эле котормо ишине да белгилүү салым кошкон. Ал Крыловдун "Тамсилдерин", Шиллердин "Жүзүкаралык жана сүйүү" пьесасын, чыгыштын алп акыны Фирдоусинин атактуу "Шахнамесин", афган, түштүк-чыгыш Азия акындарынын ырларын которгон. Акындын "Беттешүү", "Аралаш төкмө", "Кайым айтыш", "Декада жөнүндө сөз", "Жер жөнүндө", "Насыят терме", "Жинди суу", "Кыз менен жигит" сыяктуу термелери, үгүт насыят ырлары эл арасына кеңири таркаган.

Кыргыз адабиятында 20-жылдардан бери жашап келе аткан эски жана жаңы турмушту салыштыруу ыкмасын колдонуп, жаңы доордун артыкчылыгын көрсөткөн кезде да акын көңүлдү дароо өзүнө тартып ала коюучу эң конкреттүү майда деталдарды сюжеттик өзөк катары киргизген. Буга "Эки келин", "Дайыма жагат", "Мен да солдат", "Келечек күтөт", "Дөңдө карыялар отурат" деген сыяктуу ырларын окуган адамдын көзү жетет.

 Райкандын "Жакшынын шарапаты" деген комедиясында үй-бүлөдөгү маселе, жаңы менен эскинин кагылышы чагылдырылган.

Райкан Шүкүрбеков өмүрүнүн акыркы жылдарында интермедияларды жазууга айрыкча көңүл бөлүп, анын мыкты үлгүлөрүн берип кетти. Дегинкиси интермедия жанрын адабиятыбызга киргизүүдө анын эбегейсиз чоң күч жумшагандыгын өзгөчө белгилөөгө болот. "Ашка жүк, башка жүк", "Мен да бирөөнүн баласымын", "Чала болот" деген интермедиялары концерттик программалардын туруктуу репертуары болуп калды. Райкан Шүкүрбеков өзүнүн бир ырында:

Акын ырын турмуштан айрып болбойт,
Ыр катасын турмуштан айрып болбойт.
Ажыраган турмуштан сулуу көздөр,
Эл жек көргөн сулуудай өзүн кордойт, — деп айткан.

Ошол сыңары ал өзүнүн чыгармаларын бүтүндөй эл турмушунун бай казынасынан сузуп алып, аны аземдеп, адемилеп туруп кайра элдин өзүнө тартуулаган. Бирок акын элдин көңүлүн жалган кооздук менен алагды кылбастан, таасирдүү, мазмуну терең чыгармалар менен ыраазы кыла алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0