Раев Султан Акимович — өмүр баян

Жазылуу
Раев Ош облусунун Кара-Суу айылынын Жоош айылында 1958-жылы туулган. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика факультетин аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси

Эмгек ишмердүүлүгү:

  • 1977-1979 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1984 — "Ленинчил жаш" гезитинин карабарчысы, бөлүм башчы, "Кыргызстан маданияты" гезитинин бөлүм башчысы, "Жаштык Жарчысы" гезитинин редакторунун орун басары.
  • 1991 — "Кыргыз Руху" гезитинин башкы редактору.
  • 1994 — АКШнын Канзас Университетинин журналистика факультети. Стажировка.
  • 2002-2004 — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министринин орун басары.
  • 2004-2005 — "Эркин Европа" жана "Азаттык" радиосунун саясий баяндамачысы, аны менен катар эле Маданият жана искусствону колдоо боюнча коомдук фондунун президенти.
  • Апрель, 2005 — Өкмөттүн алдында түзүлгөн Маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы.
  • Сентябрь, 2005 — Маданият жана маалымат министри.
  • 2009 – 2010 — өкмөттүн алдындагы Маданият боюнча агенттиктин директору 

Наамдары 

  • Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу 
  • Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Сыйлыктары:

  • Кыргызстан Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, 1989-ж.
  • Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты 1991-ж.
  • "Ататүрк" фондусунун эл аралык сыйлыгынын лауреаты, алтын медаль ээси, 2005-ж.
  • Эл аралык "Дэниель" сыйлыгынын лауреаты (Корея), 2006-ж.
  • Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты 2006-ж.
  • "Чыңгыз Хан" алтын (Монголия), 2006-ж.
  • "Алтын роза" сыйлыгынын лауреаты (Грузия), 2006-ж.
  • КМШнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 2010-ж.
Жаңылыктар түрмөгү
0