Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Осмонбек Артыкбаев. Архив
Депутат Осмонбек Артыкбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Осмонбек Артыкбаев 1960-жылы 19-январда Ош облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Уран айылында туулган.

Билими жогору. 1986-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту "инженер-куруучу" адистиги боюнча аяктаган. Экономика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

  • 1980-1981 — Нарын ГЭСинин 3-дараждагы слесарь-монтаждоочусу
  • 1981-1982 — Токтогул ГЭСинин 3-даражадагы электр слесары
  • 1982-1983 — Кыргыз ССРинин Суудан куткаруу коомунун Кара-Көл куткаруу станциясынын 3-класстагы суу чумкугучу 
  • 1983 — "Достук" заводунун 3-даражадагы электр слесары
  • 1986-1991 — инженер, Таш-Көмүр жарым өткөргүч материалдар заводунун бөлүм башчысы
  • 1991-1995 — "Скорпион" фирмасынын менеджери
  • 1995-2001— кыргыз-белорус "Неман" ЖЧКнын башкы директору
  • 2001-2004 — ОсОО "Неман-Холдинг" ЖЧКнын башкы директору
  • 2005-2010 — Жогорку Кеңештин депутаты 
  • 2010 — Убактылуу өкмөттүн энергетика министринин милдетин аткаруучу
  • 2010-2011— Убактылуу өкмөттүн энергетика министри
  • 2011- 2012 — "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы
  • 2012-2013 — КР өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору 
  • 2013-2014 — энергетика жана өнөр жай министри
  • октябрь, 2015 — КСДП саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 

Үй-бүлөлүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0