Айбек Алтынбеков. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Айбек Алтынбеков. Архив
Депутат Айбек Алтынбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айбек Алтынбеков 1978-жылы 12-январда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Правда айылында туулган. Билими жогору. 2000-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

Жеке ишкерлик менен алектенген. 

  • 2010-2011 — "Жылдызбек" күзөт агенттигинин жетекчиси
  • 2011-2014 — "Золотой орех" ("Алтын жаңгак") ЖЧКнын жетекчиси 
  • 2012 – 2015 — Могол айылдык кеңешинин депутаты
  • октябрь, 2015 — "Республика — Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0