Кыргызстандын партиялары: "Аруу Эл"

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратман "Аруу Эл" саясий партия уюштуруу жөнүндө чечим 2014-жылы февралда кабыл алынган.

Партия Адилет министрлигинде 2014-жылы 19-ноябрда катталган. Төрагасы — Рустам Жунушалиев.

Өзүнүн негизги багыты катары партия Кыргызстанга инвестицияларды тартууну эсептейт.

Саясий бирикменин программасына ылайык, ал Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод ачууну, мамлекеттик кызматкерлер, врачтар жана мугалимдер үчүн социалдык турак-жай курууну пландайт.

Программада "Улуу Жибек жолу" инвестициялык форумду улантуу боюнча иштер каралып, ишкерлердин чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүсү үчүн натыйжалуу аянтчаларды куруу жөнүндө айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0