Кунакунов Максат Касымжанович. Өмүр баяны

© Фото / Вечерний БишкекКунакунов Максат Касымжанович.
Кунакунов Максат Касымжанович. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кунакунов Максат Касымжановичтин эмгек жолу жана өмүр баяны туурасында Sputnik маалымат сайтынын Таржымалынан таанышыңыз.

1981-жылы 2-январда Фрунзеде төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун Кыргыз-европалык факультететин, 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияны, 2009-жылы Россиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын "Эл аралык байланыштарды башкаруу" бөлүмүндө кесипкөйлүгүн жогорулатуу программасын аяктаган.

Эмгек жолу

 

  • 1997 — Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясынын "Мандарин" жаштар-маалыматтык программасынын директору.
  • 1999-2001 – Аймактык изилдөөлөр инистутутунда ассистент.
  • 2001-2004 — Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фондунун башкы адиси.
  • 2004-2005 — "Манас" Эл аралык аэропорту" ААКтын сатып алуулар боюнча адиси.
  • 2005-2006 — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин ченем-инспекциялык бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын жетекчиси.
  • 2005 — "Либералдык-прогрессивдүү жаштар" партиясын түзүп жетектеген.
  • 2007 — "Ак Жол" элдик партиясынын" саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин IV чакырылышындагы депутаты. Экономика, бюджет жана каржылар боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.
  • 2008 – "Ак Жол" элдик партиясынын" Жаштар комитетинин төрагасы.
  • 2009 – "Ак Жол" элдик партиясынын" депутаттык фракциясынын лидеринин орун басары.

 

Акыркы жылдары Кунакунов "Жаштар өкмөтү" бирикмесинин лидери катары белгилүү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0