Сурамжылоо: европалыктар мигранттар боюнча абал начарлап кеткенин айтышты

© Sputnik / Екатерина Соловьева / Медиабанкка өтүүГамбургдагы качкындар. Архив
Гамбургдагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо IFop компаниясы тарабынан 22-26-октябрь күндөрү жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосунун натыйжасында Италия (79%), Франция (67%) жана Улуу Британиянын (53%) жашоочуларынын көбү өлкө ичиндеги мигранттарга байланышкан абал начарлады деп эсептей турганы анык болду. 

Sputnik Кыргызстан эксперттер менен Европада жашаган кыргызстандыктардын пикирин билип көрдү.

Акыркы жылда өлкөңүздө мигранттарга байланышкан абал кандай өзгөрдү?
Акыркы жылда өлкөңүздө мигранттарга байланышкан абал кандай өзгөрдү? - Sputnik Кыргызстан
Акыркы жылда өлкөңүздө мигранттарга байланышкан абал кандай өзгөрдү?

Италия

Италияда жашаган кыргызстандык Миргүл Өмүралиева өлкөдө мигранттарга карата терс маанай өрчүп жатканын белгиледи.

"Акыркы убакта ТВ, ЖМКлардан мигранттардын көп келишине нааразычылыктарды көрүп жатам. Аларга карата терс маанайдагы мамиле көбөйүүдө. Жергиликтүүлөр алардын жумуш ордун мигранттар ээлеп жатканын айтып жатышат", — деди Өмүралиева.

Ал мындай маанай көбүнесе орто жашаган элдин арасында экенин белгиледи.

Германия

BMFSFJ-Medienprojekt "It’s My Life – Kurzfilme von eingewanderten Jugendlichen" долбоорунун жетекчиси Гүлбара Орозова Германияда 80-жылдардан тарта жашап келет.

Анын айтымында, мигранттарга байланыштуу көйгөй ар дайым болуп келген. 

"Бөтөн нерсени кабыл албоо адамдын табиятында бар. Муну коомчулуктун маданияттуулугу гана жокко чыгара алат", — деди Орозова.

Эксперт немистер мигранттарга этият мамиле жасап келгенин, бирок алардын арасында келген элге толеранттуулук менен мамиле жасай турганын белгиледи.

Швейцария

Швейцарияда жашаган көз карандысыз эксперт Турат Бектенов акыркы жылдары мигранттарга болгон мамиле чынында эле өзгөргөнүн белгиледи.

"Цюрихте мигранттарга болгон терс маанай анча байкалбайт. Бирок жакында эле Испаниядан келдим. Полициянын көптүгү жана этият мамиле дароо көзгө урунду", — деди ал.

Анын айтымында, арты-артынан болгон терактылардан улам коопсуздукка олуттуу мамиле жасалып калды. Ал эми айрымдар мунун баарына мигранттарды күнөөлөгөнү кадыресе көрүнүш. 

Кала лагериндеги качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуу Британия качкын балдардын өлкөгө кирүүсүнө жаш курактык чек койду
Сурамжылоо IFop компаниясы тарабынан 22-26-октябрь күндөрү жүргүзүлгөн. Ага Франция, Германия, Италия, Испания, Польша, Улуу Британия жана АКШнын 18 жаштан улуу курактагы жашоочулары катышкан. Жарандар жынысы, жаш курагы, жашаган жери боюнча тең салмакта каралды.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт. 

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0