21:07 17 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Дети во время выступления. Архивное фото

Sputnik НТВ каналындагы балдардын шоусуна эл аралык өнөктөш болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Пресс-релиздер
Кыскача шилтеме алуу
75 0 0

Жети жаштан 18 жашка чейинки балдар өздөрүнүн вокалдык талантын кесипкөй калыстардын сынына коюп, эң мыкты музыка мугалимдери жана продюсерлер менен иштеше алат.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу Россиянын НТВ телеканалындагы балдардын "Ты суперзвезда!"вокалдык конкурсунун эл аралык маалымат өнөктөшү болду. Эми окурмандар шоу тууралуу маалыматтарды, катышуучулардын ийгиликтерин, сүрөт-видеолорун биринчилерден болуп билип турушмакчы. 

Бул конкурста ата-энесинин камкордугусуз калган таланттуу балдар, балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары өз өнөрүн тартуулай алат. Анда 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар өздөрүнүн вокалдык талантын кесипкөй калыстардын сынына коюп, эң мыкты музыка мугалимдери жана продюсерлер менен иштеше алат.

"Ты суперзвезда!" вокалдык конкурсун ТЭФИ сыйлыгынын ээси Вадим Такменёв алып барат.

"Биз кастинг башталганын эфирден айттык. Ага көптөгөн балдар үйүнүн тарбиялануучулары кызыгууларын билдиришти. Биз 800гө жакын билдирүү алдык", — деди Такменёв

Конкурска катышкандардын бардык чыгымын НТВ телеканалы өзүнө алат. Ошондой эле балдарга көрсөтүлгөн психологиялык жана уюштуруу иштери да телеканалдын мойнунда. 

Аталган конкурс Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен ишке ашууда. Конкурстун бардык этаптарында балдарды алардын мыйзамдуу өкүлү, медициналык персонал, мугалимдер жана психологдор коштоп жүрөт.

"Ты суперзвезда!" вокалдык конкурсуна катышуучуларды кабыл алуу улантылууда. Ал үчүн ыңгайлуу формада сурам жиберүү керек.

 

  • байланыш телефону 0555950459
  • b.mamyrkulov@sputniknews.com электрондук дарегине кат жөнөтүү керек.

 

Конкурс тууралуу кеңири маалыматты НТВ телеканалынын сайтынан окусаңыздар болот. Балдардын шоу программасы тууралуу маалыматтарды Sputnik Кыргызстан сайтынан акмалап туруңуз.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт. 

Sputnik Кыргызстан ондогон өлкөлөрдө мультимедиалык хабдары бар эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү болуп саналат. Sputnik өз карамагына 30дан ашуун тилде жарык көргөн сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркемелерди, жана социалдык тармактагы баракчаларды камтыйт. Катталуучулар үчүн жаңылыктар англис, араб, испан жана кытай тилдеринде жарыяланат.

* LiveInternet версиясы боюнча 2016-жылдын январь-октябрынын ичинде

Тема боюнча

Келечектин хоккеисти, сегиз жашар чабуулчу Нуртемир. Муз үстүндө төгүлгөн тер
Белгилер:
конкурс, Sputnik Кыргызстан, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ