Цензура күрөшүндө Sputnik Журналисттердин эл аралык федерациясынын колдоосуна ээ болду

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПодготовка к открытию Петербургского экономического форума
Подготовка к открытию Петербургского экономического форума - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттер федерациясынын башчысы Евробиримдикти ЖМКлардагы плюрализм менен көз карандысыз журналистиканы таратууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу 23-ноябрда Европарламент "Үчүнчү тараптардын пропагандасына каршы туруу боюнча Евробиримдиктин стратегиялык коммуникациялары" деп аталган резолюциясын кабыл алгандан кийин Эл аралык жана Европалык журналисттер Федерациясы (IFJ/EFJ) тарабынан колдоо тапты. 

Резолюция Евробиримдикте сөз эркиндигин, Sputnik сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектөөгө багытталып, эл аралык тармактык ири уюм тарабынан сынга алынган. Sputnik мындай маанайдагы колдоо көрсөткөн катты Журналисттердин эл аралык федерациясынын президенти Филипп Леру жана Европалык журналисттердин федерациясынын башкы катчысы Рикардо Гутиереден алды. 

Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Европа биримдигин мамлекеттик цензураны киргизбөөгө чакырды
Резолюция кабыл алынгандан кийин Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги үчүн иш алып барган европалык жана америкалык уюмдарды резолюциянын кесепеттерин алдын алуу чараларын көрүүгө чакырган.

Европа биримдигиндеги сөз эркиндигине коюлган чабуулду токтотуу боюнча башкы редактор Маргарита Симоньяндын колу коюлган тийиштүү кат Бириккен Улуттар Уюму, ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдар менен Чек арасыз кабарчылар уюмуна да жиберилген.

Европалык журналисттердин федерациясынын башкы катчысы Рикардо Гутиере Европарламенттин бул аракеттерин "демонизация жана цензура" деп атап, андан сырткары "кансыз согушка" өмүр берип жатат деп баалады. Ал эми россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарын "Ислмам мамлкети" террордук уюмуна салыштыруу кескин сынга кабылды. 

Европанын 43 мамлекетиндеги 320 миң журналисттердин башын бириктирген кесипкөй медиакоомчулуктун атынан Рикардо Гутиере Евробиримдикти "ЖМКлардын плюрализмин жана көз карандысыз журналистиканы жайылтууга көмөк көрсөтүүгө" чакырды.

Журналисттердин эл аралык федерациясынын президенти Филипп Леру резолюция туурасында пикирин айтып жатып, бул жалпыга маалымдоо каражаттарына Европарламенттин койгон айыптоолоруна карата өз позициясын коргоого мүмкүнчүлүк берүү керектигин билдирди.

"Менин баамымда, мындай мүмкүнчүлүктү эч ким берген жок. Европарламент, Эл аралык жана Европалык журналисттердин федерациясы сөз эркиндигин коргойт. Сөз эркиндиги негиз катары алынган башкы принцип — фактылардын кол тийбестиги жана бул фактыларга пикирлердин эркин айтылышы. Айтылгандар бизге жакпаган күндө да, бул принцип баарынан өйдө коюлушу шарт", — деди ал.

Эске сала кетсек, Европарламентте бул резолюция үчүн 691 депутаттын ичинен 304ү добуш берген. Ал эми 208 парламентарий калыс деген позицияда турган.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0