Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Маалымат борбору: өлкөдө кечинде спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу талкууланат

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борбору
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борбору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-ноябрда саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда Кыргызстанда кечки саат ондон кийин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салууга арналган маалымат жыйын өтөт.

Бул демилгени көтөрүп чыккандар ЖМК өкүлдөрүнө маселенин канчалык деңгээлде актуалдуу экенин айтып беришет. Анын ичинде элдин саламаттыгына, өлкө бюджетине тийгизген таасири, мындай аракеттерден улам коррупциялык аракеттерге жол берилер-берилбесин, аларды ким тескей тургандыгын түшүндүрүшөт.

Катышуучулар: 

  • Бекешев Дастан Далабаевич — Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
  • Борисова Татьяна Викторовна — Республикалык наркология борборунун башкы дарыгеринин орун басары;
  • Турсунбек Куренкеев — Спирт ичимдиктерин өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти.
Жаңылыктар түрмөгү
0