Sputnik Бишкекте жаңы редакциялык борбор ачты

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники международного информационного агентства и радио Sputnik в современном редакционном центре Sputnik Кыргызстан в Бишкеке.
Сотрудники международного информационного агентства и радио Sputnik в современном редакционном центре Sputnik Кыргызстан в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат порталы кыргыз жана орус тилдеринде 2014-жылдын декабрь айында иштей баштаган.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Бишкек шаарында Sputnik маалымат агенттигинин жаңы редакциялык борборун ачты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Бишкек шаарында Sputnik маалымат агенттигинин жаңы редакциялык борборун ачты
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Бишкек шаарында Sputnik маалымат агенттигинин жаңы редакциялык борборун ачты - Sputnik Кыргызстан
1/5
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Бишкек шаарында Sputnik маалымат агенттигинин жаңы редакциялык борборун ачты
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте редакциялык борбордун ачылышы Бишкек менен Москванын ортосундагы Sputnik Кыргызстан жаңы редакциясынан орнотулган алгачкы радиокөпүрөгө да төп келди
Бишкекте редакциялык борбордун ачылышы Бишкек менен Москванын ортосундагы Sputnik Кыргызстан жаңы редакциясынан орнотулган алгачкы радиокөпүрөгө да төп келди - Sputnik Кыргызстан
2/5
Бишкекте редакциялык борбордун ачылышы Бишкек менен Москванын ортосундагы Sputnik Кыргызстан жаңы редакциясынан орнотулган алгачкы радиокөпүрөгө да төп келди
© Sputnik / Табылды КадырбековРадиокөпүрөнүн обосунда Sputnik алып баруучулары 16-17-сентябрь күндөрү Бишкекте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн мааракелик саммитинин жыйынтыктарын талкуулады
Радиокөпүрөнүн обосунда Sputnik алып баруучулары 16-17-сентябрь күндөрү Бишкекте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн мааракелик саммитинин жыйынтыктарын талкуулады - Sputnik Кыргызстан
3/5
Радиокөпүрөнүн обосунда Sputnik алып баруучулары 16-17-сентябрь күндөрү Бишкекте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн мааракелик саммитинин жыйынтыктарын талкуулады
© Sputnik / Табылды КадырбековПортал өлкөнүн интернет-ЖМК тизмесинде биринчи сапты ээлейт
Портал өлкөнүн интернет-ЖМК тизмесинде биринчи сапты ээлейт - Sputnik Кыргызстан
4/5
Портал өлкөнүн интернет-ЖМК тизмесинде биринчи сапты ээлейт
© Sputnik / Табылды КадырбековРесурстун журналисттер менен редакторлордун кесипкөй командасы окурмандардын назарына эл аралык жана жергиликтүү жаңылыктар жөнүндө көп түрдүү пикирлерди сунуштайт.
Ресурстун журналисттер менен редакторлордун кесипкөй командасы окурмандардын назарына эл аралык жана жергиликтүү жаңылыктар жөнүндө көп түрдүү пикирлерди сунуштайт. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Ресурстун журналисттер менен редакторлордун кесипкөй командасы окурмандардын назарына эл аралык жана жергиликтүү жаңылыктар жөнүндө көп түрдүү пикирлерди сунуштайт.
1/5
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Бишкек шаарында Sputnik маалымат агенттигинин жаңы редакциялык борборун ачты
2/5
Бишкекте редакциялык борбордун ачылышы Бишкек менен Москванын ортосундагы Sputnik Кыргызстан жаңы редакциясынан орнотулган алгачкы радиокөпүрөгө да төп келди
3/5
Радиокөпүрөнүн обосунда Sputnik алып баруучулары 16-17-сентябрь күндөрү Бишкекте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн мааракелик саммитинин жыйынтыктарын талкуулады
4/5
Портал өлкөнүн интернет-ЖМК тизмесинде биринчи сапты ээлейт
5/5
Ресурстун журналисттер менен редакторлордун кесипкөй командасы окурмандардын назарына эл аралык жана жергиликтүү жаңылыктар жөнүндө көп түрдүү пикирлерди сунуштайт.

Борбордун ачылыш салтанатына Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров катышты. Sputnik Кыргызстан жетекчиси Елена Череменина мультимедиалык тармактын заманбап мүмкүнчүлүктөрү туурасында айтып берип, редакциялык борборго экскурсия жасады. Анын курамына интернет-портал, радиостудия жана жогору технологиялык маалымат жыйын өткөрө турган борбор кирет. Сергей Лавров иш-чаранын жыйынтыгында Sputnik Кыргызстандын журналисттерине ийгилик жана жетишкендиктерди каалады.

"Жаңы редакциялык борбордун ачылышы КМШ өлкөлөрүнүн мааракелик саммитине туш келгени жакшы жышаан. Себеби Sputnik маалымат мейкиндигинде көп маданияттуу жана көп тараптуу аянчаны түзүү менен интеграциялык милдеттерди натыйжалуу аткарып келет. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчу менен видео байланышты камсыз кылуучу жогорку технологиялык маалымат борбору Кыргызстанга ааламдашкан маалымат дүйнөсүнүн бир бөлүгүн түзүп жана арышы кенен карым-катнаш жүргүзүүгө кайталангыс мүмкүнчүлүктөрдү берет", — деп белгиледи Sputnik Кыргызстан жетекчиси Елена Череменина.

Бишкекте редакциялык борбордун ачылышы Бишкек менен Москванын ортосундагы Sputnik Кыргызстан жаңы редакциясынан орнотулган алгачкы радиокөпүрөгө да төп келди. Радиокөпүрөнүн обосунда Sputnik алып баруучулары 16-17-сентябрь күндөрү Бишкекте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн мааракелик саммитинин жыйынтыктарын талкуулады. 

Sputnik маалымат агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik агенттиги Петербуг эл аралык экономикалык форумдун өнөктөшү болду
Sputnik Кыргызстан маалымат порталы кыргыз жана орус тилдеринде 2014-жылдын декабрь айында иштей баштаган. Портал өлкөнүн интернет-ЖМК тизмесинде биринчи сапты ээлейт. Ресурстун журналисттер менен редакторлордун кесипкөй командасы окурмандардын назарына эл аралык жана жергиликтүү жаңылыктар жөнүндө көп түрдүү пикирлерди сунуштайт. 2016-жылы Sputnik Кыргызстан фотокабарчысы Табылды Кадырбеков Adme Photo Awards 2016 деп аталган абройлуу сүрөт сынагынын байгесине татыган. Андан тышкары, Sputnik Кыргызстан республиканын мамлекеттик мекемелери, анын ичинде министрликтер жана ведомстволор менен өнөктөштүк мамиледе иш алып барууда. Мамлекеттик сынактарга катышып жана өлкөнүн олуттуу маданий иш-чараларын маалыматтык жактан колдоп келет. 

Кыргызстанда Sputnik мультимедиалык маалымат борбору (Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 46) — түз телеберүүлөрдөн тартып дүйнөнүн түрдүү чекиттери менен видеокөпүрөө түзүүгө чейинки ар кыл форматтагы иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү жогорку технологиялык жабдууларга ээ заманбап медиа аянчасы. Меймандар менен журналисттер үчүн ыңгайлуу маалымат жыйын, маалыматтарды кабыла лын жана берүү үчүн инфраструктура, анын ичинде Wi-Fi бар.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөлөрдө мултимедиалуу маалымат хабдарга ээ жаңылыктар агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө 30дан ашык тилдеги сайттарды, аналогдук жана сан ариптик радиоберүүнү, мобилдик тиркемелерди жана соцтармактарындагы баракчаларды камтыйт. Sputnik жаңылыктар тизмеги күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде чыгып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0