Европа: АКШ 11-сентябрдан кийин дүйнөнү коопсуз кыла алган жок

© AFP / HENNY RAY ABRAMS2001-жылдын 11-сентябрындагы теракты. Архив
2001-жылдын 11-сентябрындагы теракты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосуна ылайык, Германия (74%), Франция (65%) жана Италиянын (63%) көпчүлүк тургандары АКШнын 11-сентябрдан кийинки террорчулукка каршы аракети анча майнап берген жок деп эсептешет. Ал эми Америка жашоочулары (54%), тескерисинче, өлкө дүйнө коопсуздугун камсыздоо аракеттерин ийгиликтүү көрүп жатканын айтышкан. 

Мындай жыйынтык Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен Ifop изилдөө компаниясы тарабынан жасалган сурамжылоонун аркасында дайын болду.

© SputnikЕвропа: АКШ 11-сентябрдан кийин дүйнөнү коопсуз кыла алган жок
Европа: АКШ 11-сентябрдан кийин дүйнөнү коопсуз кыла алган жок - Sputnik Кыргызстан
Европа: АКШ 11-сентябрдан кийин дүйнөнү коопсуз кыла алган жок

2001-жылдын 11-сентябрындагы терактыдан кийин АКШ ички жана эл аралык коопсуздукту күчөтүүчү бир катар чараларды көргөн. Мында АКШдагы жарандар менен компаниялар тууралуу маалымат чогултуу боюнча ФБРдин укугун кеңейткен "Патриоттук актысы" кабыл алынган. Террористтик коркунучту азайтуу үчүн Ирак менен Афганистанга аскердик интервенция ишке ашкан. 

"Сиздин оюңузча АКШнын терроризмге каршы күрөшүү чаралары жемишин бердиби?" деген суроого немистердин 20%ы, француздардын 24%ы жана италиялыктардын 30 пайызы "ооба" деп жооп берген. Ал эми "билбейм" деген жоопту сурамжыланган немистердин 6%ы, француздардын 11%ы жана италиялыктардын 7%ы берген.

Качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сурамжылоо: европалыктар мигранттардан улам иш ордун жоготуп алуудан чочулашат
Сурамжылоо IFop компаниясы тарабынан 28- июндан 4-июлга чейин Франция, Германия жана Италияда, ал эми 26-30-август күндөрү АКШда жүргүзүлгөн. Ага жалпы жонунан 18 жаштан жогорку 4015 респондент катышып, алар жаш курагы, жашаган аймагы жана жынысы боюнча тең салмакта кралган.

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0