Трамптын инаугурациясына Кыргызстандан ким катышары белгилүү болду

© REUTERS / Lucas JacksonИзбранный президент США Дональд Трамп
Избранный президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын 45президентинин инаугурациясы бүгүн, 20-январда, Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө болот.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШ президенти болуп шайланган Дональд Трамптын инаугурациясына Кыргызстандын атынан Америкадагы элчи Кадыр Токтогулов катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

АКШнын 45-президентинин инаугурациясы бүгүн, 20-январда, Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө болот. 

Кадыр Токтогулов 2014-жылдын декабрь айынан бери Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп иштеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0