Финпол менен Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчилери алмашты

Жазылуу
Тиешелүү жарлыктарга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, кол койду.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Замирбек Осмонов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы, Айбек Кадыралиев Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Тиешелүү жарлыктарга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда кол койду. 

Эскерте кетсек, буга чейин Осмонов Мамлекеттик салык кызматын башкарса, Кадыралиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0