Сооронбай Жээнбеков юстиция министри Ахметовдун пландарын укту

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков принял минюста КР Урана Ахметова
Премьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков принял минюста КР Урана Ахметова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр ошондой эле Алмазбек Атамбаев тарабынын 20-декабрда кол коюлган "Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндөгү" мыйзам боюнча өкмөт башчыга маалымат берди.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков юстиция министри Уран Ахметовду кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Ахметов элдин 2016-2020-жылдарга карата укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЮстиция министри Уран Ахметов
Министр юстиции КР Уран Ахметов - Sputnik Кыргызстан
Юстиция министри Уран Ахметов

Министр ошондой эле Алмазбек Атамбаев тарабынын 20-декабрда кол коюлган "Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам жөнүндөгү" мыйзам боюнча өкмөт башчыга маалымат берди.

"Ушундан улам Юстиция министрлиги тарабынан учурда аталган мыйзамды ишке ашыруу үчүн юридикалык борборлордү түзүү аракеттери жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик адвокатураны күчтөндүрүү менен жарандардын юридикалык коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу маанилүү маселе экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0