БШК 15 шаардагы шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Тизмеде Бишкек шаары жок

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүРасширенное заседание коллегии МЭТР РФ
Расширенное заседание коллегии МЭТР РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо 11-декабрда 22 шаар менен 389 айыл аймагында өттү.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 15 шаар менен 237 айыл аймагында болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Конституция Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
БШК: добуш бергендердин 79,6 пайызы Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду
Учурда Баткен, Сүлүктү, Исфана, Кадамжай, Айдаркен, Кызыя-Кыя, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Талас, Нарын, Чолпон-Ата, Орловка, Кайыңды жана Кемин шаардык кеңештерине болгон шайлоонун жыйынтыгы бекиди. Бул тизмеде азырынча Бишкек шаары жок.

Мындан тышкары, БШК Жалал-Абад, Чүй, Талас, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы жергиликтүү кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгын бекитти.

Шаардык жана жергиликтүү кеңешке өткөн партиялардын тизмеси менен БШКНын сайтынан таанышууга болот.

Шайлоо 11-декабрда 22 шаар менен 389 айыл аймагында өттү. Ошол эле күнү өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0