Президент Атамбаев Санкт-Петербургга барат

© Sputnik / Григорий Соколов / Медиабанкка өтүүПрезидент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев 26-27-декабрда Санкт-Петербург шаарына барып, Жогорку Евразиялык кеңештин жана ЖККУнун жыйынына катышат.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары Санкт-Петербургда бажы кодексин кабыл аларын президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 26-27-декабрда Санкт-Петербургда Жогорку Евразиялык кеңештин жана ЖККУнун жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев дагы катышат.

"Күн тартибинде бир маселе бар. Аны кийинчерээк маалымдайбыз. ЕАЭБдин алкагында бажы кодекси кабыл алынат", — деди Исаков.

Ал ошондой эле Жогорку Евразиялык кеңештин жыйыны кышында өтөрү салтка айланып калганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0