Президент Атамбаев Өзбекстанга иш сапары менен барат

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремония вручения послами верительных грамот президенту КР Алмазбеку Атамбаеву в Бишкеке
Церемония вручения послами верительных грамот президенту КР Алмазбеку Атамбаеву в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Ислам Каримовдун бейитине барып куран түшүрөт.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Анын айтымында, Атамбаев 24-декабрь күнү Самаркандда өзбек президенти Шавкат Мирзиеев менен кезигет. 

"Менин билишимче Мирзиеев кызматка киришкенден бери биринчи ирет башка өлкөнүн президенти менен жолугушат. Анда тараптар эки өлкө үчүн маанилүү болгон маселелерди талкуулайт", — деди Исаков. 

Ал президент Атамбаев Өзбекстандын мурунку өлкө башчысы Ислам Каримовдун мүрзөсүнө куран түшүрөөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0