БШК "Жаңы шаар" партиясы Кара-Балтадагы шайлоодон эмнеге четтетилгенин айтты

Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча партия жети пайыздык босогодон ашып, шаардык кеңештен орун алууну көздөп жаткан. Бирок милицияга партиянын өкүлдөрү добуш сатып алууга аракет кылганы боюнча маалымат түшкөн. Анын лидеринин апасы базардын директору болгондуктан сатуучуларды "Жаңы шаарга" добуш берүүгө мажбурлаганы айтылган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Шайлоо мыйзамдарын одоно бузганы үчүн "Жаңы шаар" партиясы жергиликтүү кеңешке болгон шайлоодон четтетилгенин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алмаз Асаналиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Совещания министров Европейского союза по экономическим и финансовым вопросам в Афинах - Sputnik Кыргызстан
"Бакыт кнопкасы", электропоезд. Бишкектеги шайлоодо уткан партиялардын убадалары
Анын айтымында, Чүй ОИИББден шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча маалымат келип түшкөн. Бир жаран анын добушун 200 сомго жана азык-түлүк менен сатып алууга аракеттер болгонун айтып, арыз жазган. Экинчи арыз жергиликтүү базарда соода кылгандардан түшкөн. Алар базардын ээси сатуучулардан "Жаңы шаар" партиясына добуш бере турган ондон киши табасыңар деп талап кылган. Бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бул жаңжалдан улам өз кызмат ордунан Жайыл районунун прокурору менен милициянын башчысы кол жууган.

"Биз бул маселени партия лидери Тилек Нааматбеков менен чогуу карадык. Ал базар жетекчисинин уулу экен. Нааматбеков катачылыктар кетирилгенин моюндап, жумушчу комиссиянын жыйынында жеке жоопкерчиликти ала турганын айтты", — деди Асаналиев.

БШК мүчөсүнүн айтымында, Нааматбеков жалпы партиянын каттоого алынышын жокко чыгарбастан, анын жеке өзүн гана четтетүүнү суранган.

"Партия кишилердин тобунун кызыкчылыгын көздөп, мыйзам чегинде иш кылыш керек. Тилекке каршы, андай болгон жок. Андыктан БШКнын мүчөлөрү алардын каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алышты", — деди ал.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уул-кызына добуш берүүгө мажбурлаган кара-балталык базаркомго кылмыш иши козголду
Саясий бирикме үч күн ичинде БШКнын чечимин сотко даттана алат.

Асаналиев ошондой эле партиянын шаардык кеңештеги орду жети пайыздык босогону ашкан калган партияларга тегиз бөлүнүп берилерин кошумчалады.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча Кара-Балтадагы жергиликтүү шайлоого 10 миң 939 киши катышкан. 14 партиянын ичинен жети партия өткөн. Алардын ичинде "Жаңы шаар" партиясы дагы бар. Бул партияга 947 киши өз добушун берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0