Мухтар Аблязов Кыргызстандагы революцияны каржылаганын мойнуна алды

© AFP / TALANT SHABIEVСобытия 24 марта 2005 года
События 24 марта 2005 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык экс-банкир 7,5 миллиард долларды уурдады деп күнөөлөнүп келет. Астана менен Париждин ортосунда экстрадиция боюнча келишим жок болгондуктан казак бийлиги аны Франциядан ала албай жатат.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Казакстандык мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов Франциянын Liberation гезитине берген маегинде Кыргызстандагы 2005-жылкы революцияны каржылаганын айтты. 

"2003-2005-жылдары мен Москвада жашап, диссиденттик ишмердүүлүк менен алектендим. 2005-жылдын башында Кыргызстандагы режимди кулатуу максатында алардын оппозициясын каржыладым. Мага постоветтик өлкөлөрдүн биринде демократиялык процесстердин башталышы, туура реформалардын жүргүзүлүш маанилүү болчу", — деп айткан Аблязов аталган гезитке. 

Өзүнүн айтымында, ал бул кадамдары менен Кыргызстанды өз өлкөсүнө үлгү катары көрсөткүсү келген. 

© Sputnik / Владимир Третьяков / Медиабанкка өтүүКазакстандык мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов
Экс-глава совета директоров БТА Банка Мухтар Аблязов - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов

"Мен Кыргызстандагы демократиялык процесстер Казакстан үчүн үлгү болушун каалагам. Москвада жүрүп, 2004-жылы каттоодон өткөн "Казакстандын демократиялык тандоосу" партиясын уюштургам. Ошол эле жылдын сентябрь айында мага кол салуу болду. Менин көзүмдү тазалай албай калган Назарбаев сатып алууну чечти. Өз өлкөмдө оппозициянын тилектештери бар экенин көргөндө, кайтып келгем", — деп айткан экс-банкир маегинде. 

Казакстандын "БТА Банкынын" мурдагы башчысы Казакстанда гана эмес, Россияда жана Европанын Украина, Швейцария сыяктуу бир катар өлкөлөрүндө издөөдө жүрөт. Ал эми Улуу Британия аны 22 айга эркинен ажыраткан. 

Паспортко салынган акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пулуң болсо кулуңмун: кадыры кеткен кыргыз паспорту
Аблязов Казакстанда мүлктү максатсыз пайдаланууга, кылмыштык кирешелерди легалдаштырууга, банктын каражаттарын жеке максатта колдонууга, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана кылмыштуу топту уюштуруу боюнча күнөөлөнүп, өзүнүн жана жакындарынын келтирген зыяны 7,5 миллиард долларга бааланган. 

Казакстан менен Франциянын ортосунда экстрадиция тууралуу келишим болбогондуктан, аны өткөрүп алууга азыр Россия менен Украина аракет кылып жатат. 

Бирок ушул жуманын башында Франциянын мамлекеттик кеңеши Мухтар Аблязовду Россияга экстрадициялоо боюнча токтомду жокко чыгарып койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0