Баш прокурор Индира Жолдубаева президентке пландарын айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индира Жолдубаева мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу максатында жер жана шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын катуу көзөмөлгө алганын айтты.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Адам укуктарын коргоо күнүнө карата кайрылуу жасады
Жолугушууда президент жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана референдумдун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларга карата кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат алды. 

Ошондой эле Жолдубаева президентке мыйзамсыз курулуштар жана башка ушул сыяктуу кылмыштарды алдын алуу максатында жер жана шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын катуу көзөмөлгө алганын билдирди. 

Өлкө башчы Башкы прокуратурага укук бузууларды алдын алууну күчөтүүнү, коррупцияны, анын ичинде күч түзүмдөрүндө алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча таасирдүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0