Шайлоо: Жалал-Абадда урналар иштебей эл кезекте турат

© Фото / Талгат БакиевГолосование на выборах в местные кенеши и референдум в Джалал-Абаде
Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен, Нарын облустары менен Бишкек шаарында урналар иштебей калган көрүнүштөр байкалып жатат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы бир катар шайлоо участкаларында урналар иштебей калганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы маалымдады.

Анын айтымында, шайлоочулар добуштарын бере албай кезекте турат. 

© Фото / Талгат БакиевЖалал-Абад шаарындагы бир катар шайлоо участкаларында урналар иштебей калган
Жалал-Абад шаарындагы бир катар шайлоо участкаларында урналар иштебей калган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жалал-Абад шаарындагы бир катар шайлоо участкаларында урналар иштебей калган
© Фото / Талгат БакиевШайлоочулар добуштарын бере албай кезекте турат.
Шайлоочулар добуштарын бере албай кезекте турат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Шайлоочулар добуштарын бере албай кезекте турат.
1/2
Жалал-Абад шаарындагы бир катар шайлоо участкаларында урналар иштебей калган
2/2
Шайлоочулар добуштарын бере албай кезекте турат.

"Жалал-Абад шаарындагы 2100-участокто компьютерлер менен маалымат базасы иштебей калганына байланыштуу эл добушун бере албай жатат. Ал эми 2104-участокто электрондук урналар иштебей калып жүздөгөн адамдар добуш бере албай кезекте турат. Ушундай эле көрүнүш 2097-участокто байкалууда", — деп аймактык кабарчы билдирди. 

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын адиси Берик Исаков мындай көрүнүштөр болуп жатканын тастыктады. 

"Жала-Абад шаарындагы участоктордо урналар иштебей калган көрүнүштөр бар. Учурда ал участокторго техникалык колдоо тобу келип иштеп жатат. Система жөнгө салынганча эл добушун бере албайт", — деди Исаков. 

Ал ошондой эле мындай көрүнүштөр Баткен, Нарын облустары менен Бишкек шаарында дагы байкалып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0