Атамбаев: көрүүчүлөр терс маанайдагы маалыматтардан жана чылгый саясаттан тажады

Жазылуу
Президент радио жана теле жаатында иштеген журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын коомго кошкон салымы тууралуу кеп кылды.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, атаандаштыкка карабай, алардын коомдук пикирге эң таасирдүү курал бойдон калганын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев куттуктоосунда дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда маалымат таратуунун жаңы түрлөрү пайда болуп, атаандаштык болуп көрбөгөндөй күчөгөнүнө карабастан, теле жана радио коомдук пикирге эң таасирдүү курал бойдон калганын айтат.

"Азыр угармандар менен көрөрмандардын талабы өстү – жалган, жасалма, сырткы эффектиге гана басым жасаган берүүлөрдүн күнү бүтүп баратат. Анын үстүнө адамдар жүрөктүн үшүн алган терс маанайдагы маалыматтардан жана чылгый саясаттан жадап, мээримге, боорукерликке жана адамгерчиликке чакырган берүүлөргө муктаж", — деп жазылат маалыматта.

Президент азыркы коогалуу заманда өлкөбүздүн эгемендиги менен улуттук коопсуздугубузду чыңдоо милдети тургандыгын айтып, бул милдетти ишке ашырууга журналисттер да өз салымын кошууга тийиш экендигин кошумчалайт.

"Мамлекетибизди чыңдоо, ынтымак-ырашкердикти сактоо аркылуу бакыбат жана гүлдөгөн Кыргызстанды куруу телерадиодо негизги багыт болуп калууга тийиш", — деп жазылат куттуктоодо.

Атамбаев журналисттерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0