БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн 6-декабрда Ош облусуна иш сапары менен барарын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, өкмөт башчы иш сапарынын алкагында бийик тоолуу Алай жана Чоң-Алай райондоруна барат.
"Сооронбай Жээнбеков Алай районундагы Арча-Булак айылындагы жаңы салынган көпүрө менен Сары-Могол айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Гүлчө дарыясына курула турган дамбанын долбоору менен таанышат", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Чоң-Алай районуна болгон иш сапарында "Кара-Мык" чек ара заставасы менен Дароот-Коргон айылына курулуп жаткан оорукананын иши менен таанышат. Мындан тышкары, премьер-министр Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу мектебинин ачылышына катышуусу пландалып жатат.