09:53 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин архивдик сүрөтү

Атамбаев Москва мэри Собянинге жооп айтты

© Sputnik / Алексей Дружинин
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаевдин 2016-жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны (9)
232861

Мамлекет башчы эгерде кыргызстандык жаран Россияда мыйзамсыз иштеп жүрсө, ошол иш берген адамдан сураш керек экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргыз мигранттары Москва мэринен өздөрү туурасында мындай сөз угабыз деп күткөн эмес деп президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын учурунда билдирди. 

"Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Кыргызстанга жүз миңдеген адамдарды алып келгенде, биз тараптан эч ким ыңгайсыздык туурасында ооз ачкан да эмес. Боордош эл кыйналып турганда, менимче, башкача мамиле жасоо керек го деп ойлойм. 1916-жылы өлкөнүн түндүгүнүн жарымы кыйрап калса, 1941-жылы биздикилер Советтер Союзу үчүн согушка аттанган", — деди президент. 

Мамлекет башчы эгерде кыргызстандык жаран Россияда мыйзамсыз иштеп жүрсө, ошол иш берген адамдан сураш керек экенин билдирип, Кыргызстан атуулунун ал жакта мыйзамдуу иштегенге укугу бар экенин белгиледи.

"Жашоодо баары болот. Балким, мэр Собянинге башка бир документтерди көрсөтүп коюшту. Негизи ал жакшы эле иштеп жаткандай", — деди Атамбаев. 

Мамлекет башчы кыргыз мигранттары — мыйзамды сыйлаган эң так мигранттар экендигин айта кетти.

Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынынын тексттик трансляциясын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз.

Тема:
Алмазбек Атамбаевдин 2016-жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны (9)

Тема боюнча

Атамбаев: Путин менен Назарбаев президенттиктен кетпешимди суранган
Атамбаев: Бабанов же Төрөбаев президент болуп калса, таң калбайм
КР элчилиги Собяниндин кыргыз мигранттары тууралуу айткандарына жооп берди
Белгилер:
маалымат жыйын, президент, Алмазбек Атамбаев, Александр Собянин

ЭҢ МААНИЛҮҮ