Атамбаев: Путин менен Назарбаев президенттиктен кетпешимди суранган

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВизит президента РФ В. Путина в Узбекистан
Визит президента РФ В. Путина в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти бир гана мөөнөткө алты жылга шайлана алат. Атамбаевдин мөөнөтү 2017-жылы аяктайт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жыл сайын өткөрүлчү маалымат жыйын учурунда Россия менен Казакстандын лидерлери Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаев президенттик мөөнөт бүткөндөн кийин тактыдан кетпешин суранышканын билдирди. 

Атамбаев 2011-жылы алты жылдык мөөнөткө президент болуп шайланган. Анын кызматтык мөөнөтү 2017-жылы аяктап, шайлоо өткөрүлөт. Мамлекет башчылыкка бир гана мөөнөткө шайланууга жол берилет. 

"Путин президенттик мөөнөтүм бүткөндөн кийин тактыдан кетпешимди суранган. Бирок мен эл чечет деп айткам. Биз өнөктөшпүз, бирок Кыргызстандын өзүнүн жолу бар. Бийлик ишкерлер менен жарандарга ыдык көрсөтпөшү керек. "Ачык иштесең иште, иштей албасаң түрмө" деген принцип болуусу шарт. Президенттиктен мөөнөттөн мурда кетүү боюнча ойлор болгон, чарчадым. Бирок кандай болорун убакыт көрсөтөт", — деп билдирди мамлекет башчы. 

Атамбаев президенттик постто калуу сунушун Назарбаев дагы бергенин кошумчалады. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынынын тексттик онлайн трансляциясын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0