Атамбаев кеңешчисин, Дин иштери жана Мамтил боюнча жетекчилерди кызматтан алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарда алардын кызматтан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазганы айтылат.

БИШКЕК, 30-ноя, — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кеңешчиси Бусурманкул Табалдиевди, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Орозбек Молдалиевди жана Мамлекеттик тил тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовду кызматынан бошотту.  Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаев пресс-конференция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент Алмазбек Атамбаев декабрда маалымат жыйын өткөрөт
Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Бусурманкул Табалдиев жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулган. 

Маалыматта калган эки аткаминердин да кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазгандыгы кабарланды.  

 

Жаңылыктар түрмөгү
0