Баш прокуратура Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын калыбына келиши боюнча иш козгоду

© AFP / DAMIEN MEYER Фемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясы жаңыртылгандыгын тастыктаган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Максим Бакиевдин оң колу делген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын 2010-жылы калыбына келиши боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган мекемеден билдиришти. 

Эске салсак, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова Бишкекте өткөн маалымат жыйында буга чейин Максим Бакиевдин жакыны делген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясы жаңыртылгандыгын тастыктап, андан эч кандай жаман нерсени көрбөгөнүн билдирген болчу.

"Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын калыбына келиши боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу калган маалыматтар кийинчерээк берилет", — деп айтылат Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө. 

Белгилей кетсек, УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаев буга чейин Елисеевдин лицензиясынын калыбына келиши табышмак экенин айткан

Жаңылыктар түрмөгү
0