Жээнбеков өкмөттүн жаңы курамы менен жакынкы келечектеги милдеттерди белгиледи

Жазылуу
Премьер-министр министрлик жана ведомстволорго аталган Программага таянып, өз максат-милдеттерин иштеп чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы курамы менен жумушчу жыйын өткөрүп, жакынкы келечекке карата бир катар артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
БШК төрайымы Жээнбековго шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди
Жээнбеков өкмөттүн "Ишеним жана биримдик" программасы өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги экономикалык багыттарды жана ырааттуулукту камтып турарын айтты. Аталган Программа 2013-2017-жылдарга кабыл алынган Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына негизделген жана ЕАЭБге кошуулуу алкагындагы жаңы мүмкүндүктөргө жана чакырыктарга жооп берет.

Премьер-министр министрлик жана ведомстволорго аталган Программага таянып, өз максат-милдеттерин иштеп чыгууну тапшырды.

Парламенттин жыйынында "Ишеним жана биримдик" программасын талкуулоо учурунда депутаттар министрлик жана ведомстволор деңгээлинде чечилчү бир катар көйгөйлөрдү көтөргөн.

"Айрым жетекчилер көптөгөн маселелердин чечилишин создуктуруп, жоопкерчиликти албагандыктан, маселени өкмөттүк деңгээлде көтөрүп чыгууга туура келүүдө. Ар бир министр жана ведомство жетекчиси өзүнө жоопкерчилик алып, маселени мыйзамга ылайык чечүүсү тийиш", — деди Жээнбеков.

Өкмөт башчысы ошондой эле вице-премьер-министрлерге тигил же бул тапшырмаларды аткарууда милдеттерди тыкыр көзөмөлгө алуу маселесин койду.

Жээнбеков өкмөттүн жакынкы пландарына, анын ичинде күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү, ЕАЭБдин мындан аркы интеграциясын активдештирүү, бюджеттик чыгымдарды оптимизациялоо иштерине токтолду. Ал мындан ары пенсия, айлык акы жана жөлөк пулдун убагында төлөнүшүнө өзгөчө басым жасады.

Өкмөттүн жаңы курамын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0