Атамбаев менен Назарбаев алдыда боло турган жолугушуунун тартибин макулдашты

Жазылуу
Өлкө башчылар эки тараптуу кызматташуунун абалын жана келечегин, мындан тышкары ЕАЭБ алкагындагы эки өлкөнүн өз ара мамилесин талкуулашкан.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев телефон аркылуу байланышканын Sputnik Казакстан агенттиги билдирди. 

Украинанын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Украина менен КРдин ТИМ башчылары "телефондогу сүйлөшүү" боюнча пикир алышты
Маалыматка ылайык, өлкө башчылар эки тараптуу кызматташуунун абалын жана келечегин, мындан тышкары ЕАЭБ алкагындагы эки өлкөнүн өз ара мамилесин талкуулашкан.

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери алдыда боло турган жолугушуунун тартибин макулдашып, 2017-жылдын биринчи кварталына белгиленген Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин саммитинин графиги тууралуу ой бөлүшүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0