Чүй облусунун камакка алынган прокурорунун ордуна Азат Өскөмбаев келди

Жазылуу
Өскөмбаев буга чейин КР президент аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Чүй облусунун мурдагы прокурору Руслан Нурбеков кызматынан бошотулуп, ордуна Азат Өскөмбаев дайындалганын Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Ага ылайык, Өскөмбаев буга чейин КР президент аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Чүй облусунун буга чейинки прокурору Руслан Нурбеков атайын тергөө иштеринин алкагында кармалганын УКМК билдирген болчу. Ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0