Мыктыбек Абдылдаев: президенттик аппаратта дагы "крысалар" болушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынан депутаты Мыктыбек Абдылдаевдин архивдик сүрөтү
Бир Бол фракциясынан депутаты Мыктыбек Абдылдаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев демилгечилер Баш мыйзамды өзгөртүү менен коррупцияга каршы күрөш күчөйт деп айтып жатканын баса белгиледи.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Президенттик аппаратта дагы "крысалар" болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынан депутаты Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди. 

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев буга чейин Конституцияны өзгөртпөө боюнча сөз берип, бирок кайра убадасын бузуп жатат. 

"Конституцияны өзгөртүү менен коррупцияга каршы күрөшөбүз деп жатасыңар. Мына Алмазбек Атамбаев милиция кызматкерлеринин ичинде "крысалар" бар деп айтты. Президенттик аппаратта дагы "крысалар" болушу мүмкүн. Аларды да текшериш керек. Мурунку аппарат жетекчиси коррупцияга шектелип соттолуп жатат", — деди Абдылдаев.

Эске сала кетсек, учурда эл өкүлдөрү референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0