Текебаев: мыйзамга Атамбаевдин кол коюшун күтүп талкууларга атайын келбей жүрдүм

Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент кол койгон мыйзамга ылайык, референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору бир айдан кийин гана каралышы керектигин билдирди.
Өмүрбек Текебаев: атайын Атамбаевди күттүм, эми рефендум өткөрүүгө убакыт керек

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Референдум жөнүндөгү мыйзамга Атамбаевдин кол коюшун күтүп, талкууларга атайын келбей жүрдүм. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентте сүйлөп жатып билдирди. 

Анын айтымында, референдум жөнүндө мыйзам күчүнө кирип, ага ылайык элдик добуш берүүнү дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууга тиешелүү убакыт керек.

"Референдум жөнүндө мыйзам кабыл алынып, "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Мен атайын ушул мыйзамдын кабыл алынышын күтүп, талкууларга келбей жүрдүм. Референдум жөнүндө мыйзам кабыл алынган соң, туура бир айдан кийин гана элдик добуш берүүнү дайындоо боюнча мыйзамды карашыбыз керек. Биз бир ай өтпөй эки окуудан өткөрүп жибердик", — деди Текебаев. 

"Ата Мекендин" лидери танапис алуу менен талкууну токтотуп, юристтерден консультация алууну сунуштады. 

Ал эми төрага Чыныбай Турсунбеков талкуудан кийин маселе тактала турганын айтып, мыйзам долбоорун кароо улантыларын билдирди.

Референдумдан кийин ЖК тарайбы? Депутат менен эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0