Бакыт Төрөбаев: "Өнүгүү — Прогресс" президенттик шайлоого өз талапкерин чыгарат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 31-окт.— Sputnik. "Өнүгүү — Прогресс" партиясы президенттик шайлоого өз талапкерин чыгарат. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Бакыт Төрөбаев съезд учурунда билдирди. 

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын съезди болуп жатат. 

"Мамлекет башчысы өлкөнүн кандай болушу керектигин жана жакынкы 10-20 жылда кандай багытта кетиши керектигин так билиши зарыл. Мындай сапаттар ар бир адамга эле таандык боло бербейт. Бирок бүгүн мен биздин партия 2017-жылдын президенттик шайлоосунан четте калбай турганын так айта алам, Биз өз талапкерибизди чыгарабыз, же башка татыктуу талапкерди колдойбуз", — деди Төрөбаев.

Эл өкүлү мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып жатканын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0