БИШКЕК, 27-окт.— Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шеннонду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-америка ортосундагы мамиленин актуалдуу маселелери жана ар кыл тармак боюнча кызматташтыктын келечеги тууралуу сүйлөшүштү.
Жолугушууга АКШнын Борбор Азия боюнча мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Дэн Розенблюм жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни катышты.
Эскерте кетсек, Шеннон өлкөгө атайын иш сапары менен келген. Буга чейин ал тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев менен жолугушкан.