Каныбек Иманалиев Бабанов менен Өмүркуловду жигитчиликке чакырды

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Каныбек Иманалиев
Депутат Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда депутаттар Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнүн айланасында талкуу жүргүзүп жатышат.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Иса Өмүркулов жана Өмүрбек Бабанов, жаңы Баш мыйзам өлкөнү өнүктүрбөсө саясаттан кетебиз деп сөз бере аласыңарбы? Мындай суроону "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев парламентте сүйлөп жатып берди.
Иманалиев саясатта дагы жигитчилик болушу керектигин баса белгиледи.

"Демилгечи болгон Иса Өмүркулов жана Өмүрбек Бабанов, сиздер Конституцияны өзгөртүү менен мамлекет алдыга жылат деп жатасыңар. Эгерде Баш мыйзамды өзгөртүү өлкөнү өнүктүрбөй өксүккө алып келсе, демократия алдыга жылбаса, саясаттан кетүүгө даярсыңарбы? Жигитичилик деген болуш керек да?"— деди Иманалиев.

Иса Өмүркулов маселени трагедияга айландырбоого чакырды.

"Мен эч качан жигитчилигимден күмөн санаткан эмесмин. Акаев, Бакиевдин учурунда ким, каякка секиргенин мен жакшы билем. Мындай нерселерди аралаштырбай эле коелу. Баш мыйзамды өзгөртүүгө сиздер катышпай калгандыктан гана ал сиздерге жакпай калды", — деди Өмүркулов.

Ал эми төрага Чыныбай Турсунбеков депутаттарды маданияттуу сүйлөгө чакырып, регламент сактоону талап кылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0