14:34 07 Бештин айы 2016
Түз эфир
Үгүт иштери. Архивдик сүрөт

БШК мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө болбой турганын эскертти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Жергиликтүү кеңеш шайлоосу (47)
80 0 0

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрга белгиленген.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө болбой турганын эскертти. 

БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов менен Гүлнара Журабаева маалымат жыйын өткөрүп, жергиликтүү жана шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоонун жол-жобосун түшүндүрдү.

Таратылган маалыматка ылайык, шаардык кеңешке талапкерлерди саясий партиялар көргөзө алат. Айылдык кеңешке саясий партиялар менен жарандар да өзүнүн талапкерлигин көрсөтсө болот. талапкер болууга 21 жаштан жогорку жарандардын мүмкүнчүлүгү бар. Шаардык кеңешке талапкерлерди көрсөтүү шайлоо башталганга чейин 40 күн мурда, башкача айтканда 31-октябрга чейин өтүшү керек. Айылдык кеңештерге шайлоо башталардан 30 күн мурда, башкача айтканда 11-ноябрга чейин көрсөтүшү зарыл. Учурда өз өкүлдөрүн "Өнүгүү — Прогресс" менен "Кыргызстандын Жашылдар партиясы" берген.

Бекматов талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо фондусун түзүшү керектигин айтты. Шаардык кеңештерге саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин шайлоо фондусу эң аз 20 миң сом, ал эми Бишкек жана Оштун шаардык кеңештерине саясий партиядан көрсөтүлгөндөр үчүн эң аз 50 миң сом деп бекитилген.

БШК ошондой эле талапкерлер шайлоо фондусу үчүн "РСК Банк" жана "Айыл Банк" ААКтан эсеп ачуу керектигин белгиледи. Бул банктардын аймактарда дагы бөлүмдөрү болгондуктан ыңгайлуулук үчүн тандалып алынганын БШК түшүндүрүп берди.

Ал эми Жураева шаардык кеңештерге үгүт иштери 11-ноябрдан тарта, айылдык кеңештерге 21-ноябрдан тарта башталарын билдирди.

Ошондой эле мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынарын эскертти.

Тема:
Жергиликтүү кеңеш шайлоосу (47)

Тема боюнча

БШК: 405 аймакта жергиликтүү кеңеш шайлоосун өткөрүүгө 218,5 млн. сом кетет
Белгилер:
шайлоо, Борбордук шайлоо комиссиясы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ