Казакстанда Бишкекте өтчү ШКУ саммити талкууланды

© Фото / пресс-служба МИД КРОфициальный визит МИД КР Эрлана Абдылдаева в Казахстан
Официальный визит МИД КР Эрлана Абдылдаева в Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин ТИМ башчысы казакстандык кесиптеши Ерлан Идрисовдун чакуруусу менен барган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. КРдин Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстандын ТИМ жетекчиси Ерлан Идрисов менен жолукту. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу казак тараптын чакыруусу менен өттү.

"Эки тарап жолугуп, өлкөлөрдүн кызматташуусун талкуулашты. Мындан сырткары алдыңкы күндөрү Бишкекте өтө турган ШКУнун жана Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити тууралуу сүйлөшүлдү", — деп жазылат маалыматта.

Жолугушуу жылуу атмосферада өтүп, мындан ары да достукту чыңдоо аракеттери көрүлөрү бышыкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0